Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Валюта көзөмөлү

ВАЛЮТА КӨЗӨМӨЛҮ – валюта аткарымдарын жүргүзүүдө валюталык мыйзамдуулукту сактоо үчүн тийешелүү органдар менен анын агенттеринин көзөмөлү; каржы жана бажы көзөмөлүнүн ажырагыс бөлүгү. КРде В. к. КРУБ менен КР Өкмөтү, агенттери – КР мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу банктар жана башка уюмдар тарабынан жүргүзүлөт. Бажы көзөмөлүнүн ажырагыс бөлүгү катары В. к. валюта менен валюта баалуулуктарынын КР бажы чегарасы аркылуу ченемдик укуктук актыларда белгиленгендей которулуп жүрүү тартибинин жеке жана юридикалык жактар тарабынан сакталышына багытталган бажы органдарынын өтө зарыл иш-аракеттерди аткарышын билдирет.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: